Добулдуу дүйнөдөн өтүп, Тынчтык ыры угулат, Кыйналган адамдар келип, Жанына тынчтык табат. Эч нерседен жалтанбаган Баатыр жүрөк Ал берет, Жан дүйнөңө кубанычтуу Кудайдан жарык келет. Туткунунда күнөөнүн Жүргөндөргө барайын, Куткарылсын алар деп, Жакшы Кабар айтайын. Жүрөгүмдү тазалачы, Кайрылбайын артыма, Жеңип тозок, өлүмдү да, Кызмат кылам даңкыңа. Сүйүү толгон жүрөк берчи, Токтолбостон барайын, Бул турмуштан жапа чегип Жүргөндөрдү табайын. Жүрөгүм да эч күнөөсүз, Таза канга жуулсун, Жеңиш алган жүрөгүмө Сенин үйүң курулсун.Ал дарбазадан ыр угулат Bul Qudaı jaratty ǵoı aspan jerdi TAM DEUH BAWIPA BANG SI AWK AH ИИСУСКА ЭЖИГИҤДИ СЕН АЧСАҤ Mä aina kaikki huoleni Gloire au Seigneur Il s'est chargé de toutes nos langueurs Мой Спаситель Иисус призвал меня Tirik Xudoyimsan Theres Gonna Be A Revival In The Land
Song not available - connect to internet to try again?