Достор, ырайым жана чындык бизге келди, Таң нуру жүрөктөргө жарыгын берди. Шашкыла кызмат үчүн, толуп Ыйык Рухка, Түн келсе, эс алабыз эмгек ордуна. Достор, күн жылуу кезде кызматка баргыла, Жөлөнүп Теңирге, батасын алгыла. Ошондо чарчабастан чыдайбыз баарына, Түн келсе, эс алабыз эмгек ордуна. Эгин талаа саргарып, маалы келди оруу, Угулат чакырык да: иштегиле чогуу! Сынбай барсын эгиндер Теңирдин алдына, Түн келсе, эс алабыз эмгек ордуна. Биригип, бир туугандар, ыйык кызмат үчүн, Биримдик жыргалынын көргүлө күчүн. Алсыздар үмүт үзүп, калбасынчы артта, Түн келсе, эс алабыз эмгек ордуна.Радуйся мир ликуй и пой Béni soit à jamais Si abeka tuk ʋt hopaki fehna Яндур отуңға Mi-se bucura inima-n Domnul Santo santo santo (noi lodiamo) Почтим мы дар Царя небес جاقشى قابار ۇعۇلات أول كلام المسيح Avem nevoie de Dumnezeu
Song not available - connect to internet to try again?