Дүйнөнү сүйгөндүктөн, жараткан Теңир Күнөөкөр бул дүйнөгө Уулун берген, Төгүлгөн каны менен куткарып бизди, Түбөлүк өмүр бизге белек берген. Дүйнөнүн күнөөлөрүн Өзүңө алып, Ал сенин күнөөң үчүн курман болгон. Бүгүн да сени күтөт кучагын жайып, Өмүрдөн куру калба сүйүү толгон, сүйүү толгон. Күнөөнүн туткунунда биз жашап келдик, Азгырык, күнөөлөргө жетеленип. Колубуз менен кылган жамандык үчүн, Айыпсыз Ыйса колу жазаланган. Ал сенин жүрөгүңдү черткилегенде, Канча ирет «таштайм» дедиң күнөөлөрдү. Кумардуу күнөөлөрдү эстегенде, Кеттиң сен күнөө толгон чексиз чөлгө.تسبيحي هيعلالك ạlrb yhwh ạ̹lhy Во вселенной всей в ком дыхание есть Júregim qýanyshqa toly Еһтијаҹым вар ولا كان لي وجود Беклийорум Сени О путник к Отчизне Небесной ضاقت علي الكروب Hər zaman qorxu içində bu dünyada yaşayırdım
Song not available - connect to internet to try again?