Жакшы эмес жалгыз болуу адамга, Кудайыбыз айткан муну башында. Бүгүн дагы эки жалгыз бирикти, Кудай Сөзүн, Кудай Сөзүн бирөө буза алабы? Көргүлөчү колуктунун ак кийинип, гүлдөй жаркып турганын, Жигит улам кылчак карайт Кудай кошкон ынагын. Ушул күнү кубанычтар кантип калсын жашыруун, Эргип жүрөк, толкуп жүрөк, ырдагың келет, ырдагың. Кудай кошту, адам ажыратпасын, Алкап берди асмандан ак батасын, Ушул күнү кошулушкан кош жүрөк Жаратканын түбөлүккө даңктасын. Кана, эки жаш, гүлдүү жолго түшкүлө, Сапарыңар гүлгө оронуп улансын, Экөөңөргө тартуу кылган бул күндү Ай-ааламдын Падышасы даңкталсын.走向大山 Мой Господь пришел сегодня Burdasın Neved Čuj nádherné posolstvo Halasgär bar Haleluja! Chvály znejte! Не продавай души Колыбельная NEUSTÁLE VZÝVAM TO MENO
Song not available - connect to internet to try again?