Жакын калып бул дүйнөнүн бүтөр күнү, Анжыр жыгач бажырайтып ачат гүлүн. Бирөөлөрдүн жүрөктөрүн титиретсө, Башкаларды кубандырат анын түрү. Теңирдин «келем» деген сөзү анык, Бакыттын толугу ал жүзү жарык. Канчалык самай берем ошол күндү, Келишин периштелер сурнай тартып. Согуштар да болот-деген, болуп жатат. Бир улуттун үстүнөн бир улут басат. Жер титирөө, оору, кайгы, азаптар көп, Каршылыктар, куугунтуктар жанга батат. Даяр болгун, акыркы саат жакын калды. Иши менен акталар бир адам барбы? Жок андайлар, бирөө да жок арабызда. Ыйса Өзү каны менен жолду салды. Ыйса айткан бир дагы сөз өтүп кетпейт, Ишенбестин чын өмүргө колу жетпейт. Эгерде ишенимден башың тартсаң, Жүрөгүңдү Ыйык Рух кайра чертпейт.Tak blahoslavení Adakah Tempat Baginya En tu corazón hay ansia wjhk yạ ạllh yạ nfsy dwmạaⁿ fkry 带着你的欢笑 ḥạjty dwmaⁿạ Oh Isoyim mʿạk bʿysẖ ạ̹msk ydy
Song not available - connect to internet to try again?