Жаным кейип алсырап турганда, Тизе бүгүп Сага келем. Жүрөктөгү бүт азап-кайгыны, Куткаруучум, Сага берем. О Теңирим, менден алыстаба, Суранамын, таштаба, калтырба. Бир гана Сен тынчтык бере аласың, Көздөгү жашты аарчыйсың, Күнөө кылып Сени кейитсем да, «Кечир» десем, кечиресиң. О Теңирим, кечирчи, суранам, Балаңды азгырыкка алдырган. Канча ирет Сенден алыстадым, Канча ирет тил албадым, Бирок колуңду тартып албадың, Эч убакта таштабадың. О Теңирим, ыраазымын Сага, Татыксызмын, ак сүйүүңө, Ата. Баратам басып таш, тикен жолду, Сен бергенсиң ошол жолду. Жолумдагы тикен, таш бутумду Жаралады, мен жыгылдым. О Теңирим, бул жол кыйын экен, Кыйнап жатат бутумдагы тикен. Өзүң келдиң, мен жыгылганымда, Алдың мени колдоруңа. Жараатымды таңып бутумдагы, «Жетелеймин» дедиң дагы. О Теңирим, жетеле, суранам, Шилтей албайм Сенсиз бир да кадам.Дух Святой Дух Утешитель عند البير Just any day now Taýrat, Zabýr, Injil men Jazbadaǵy ạny lrạfʿ gẖyrạaⁿ qlby yạ lylẗ qd ạ̉ktst bnwr ʿạyz ạ̉rtl bs bqwẗ Ku Dawo Rab kutsalsin
Song not available - connect to internet to try again?