Жараткан, даңктайм Сенин чексиз сүйүүңдү, Биз үчүн келгениңди таштап үйүңдү. Толтуруп Рухка, дайым болчу жанымда, Теңирим, даңк Сага! Куштар асманда даңктайт Сени! Бүткүл аалам да даңктайт Сени! Толтуруп Рухка, дайым болчу жанымда, Теңирим, даңк Сага! Теңирим, даңктайм Сенин кереметиңди, Мен үчүн өлгөнүңдү, тирилгениңди. Дос болуп мага, дайым болчу жанымда, Теңирим, даңк Сага! Жан дүйнөм Сени даңктайт, Теңир! Жүрөгүм Сени даңктайт, Теңир! Дос болуп мага, дайым болчу жанымда, Теңирим, даңк Сага! Падышам, даңктайм Сенин чексиз бийлигиң, Көрүнбөй башкарасың, баш иет элиң. Башкарып мени, дайым жүрчү жанымда, Теңирим, даңк Сага! Ала-Тоом Сени даңктайт, Теңир! Ак калпак элим даңктайт Сени! Башкарып мени, дайым жүрчү жанымда, Теңирим, даңк Сага!Ой над Віфлеємом أطلق شعبي ليعبدوني صرخة من العمق Później się dowiesz Tra l'incudine e il martello Путь лежит мой долиной смертной тени Слово Благодати مىڭ رەخمەت Keluarga Hidup Indah ขอพระวิญญาณเทลงมา
Song not available - connect to internet to try again?