Жашап өткүн из калгыдай артыңда, Эч унутулбастан көптөгөн жылдарга. Эсинде калсын жолуккан адамдын, Сенин күлкүң, сенин көзүң да. Жашап өткүн, баары билгидей болсун, Түйшүктөн канча алыс экениң. Өткөрбөгүн курулай сен жашооңду, Асманды самап жашагының сен. Жашооң бүтүп, түбөлүккө аттансаң, Билсин артыңда калган жакының, Бул дүйнөдөгү тапкан байлыгыңа, Жүрөгүң сенин байланбаганын. Жашап өткүн, адамдар сен жөнүндө Кыйбас досум эле деп айткыдай. Түбөлүккө коштошоор мезгил келсе, Эч бир жүрөктө так калбагыдай. Сен ачканда асмандан көздөрүңдү, Көргөнүңдө мурда кеткендерди. Кубанасың, ошондо түшүнөсүң, Керектигин ыйыктык жердеги. Жашап өткүн, баары билгидей болсун, Түйшүктөн канча алыс экениң. Өткөрбөгүн курулай сен жашооңду, Асманды самап жашагының сен.Nech nám srdcia plní radosť ما نسيتني Қуаныш әнін hl ạ̉ntm ạldẖy bqwẗ ạllh lsh btqblnạ Христос взалкал и видит Он Господ ни сравнява с виделина Salut, blanche étoile Un cântec răsună în inima mea رەببىم ئەيسا ھەمدۇسانا نامىڭغا
Song not available - connect to internet to try again?