Жашоонун маңызын мен издеп жүрдүм, Суроолорум жоопсуз калганын көп көрдүм, Өмүрүмдүн ар бир күнү суудай төгүлүп, Бул дүйнөдө өзүмдү мен таппай жүрдүм Бирок Сен келгенде жан дүйнөм өзгөрүлдү, Көздөрум ачылып, сүйүүңө жүрөк толду Айланам Сен келгенде ачык түскө боёлуп Жашоомдо Сенин нуруң жаркырай түштү! Бата берип сүйүү сунуп Сен мага келдиң, Өз Уулуңду аябастан мен үчүн бердиң, Тизе бүгүп, даназалайм Сени күн сайын, Ырызычылык билдирем Сага ар дайым. Анткени Сен келгенде жан дүйнөм өзгөрүлдү, Көздөрум ачылып, сүйүүңө жүрөк толду Айланам Сен келгенде ачык түскө боёлуп Жашоомдо Сенин нуруң жаркырай түштү!سنين طويله مضت Take Heart Jos sä kaipaat yswʿ mạ ạ̉jwdh Величайте Его Mutluyuz, Mutluyuz yạ ạ̉bwyạ yạlly fy ạlsmạ bnqdm ḥyạtnạ Жүрөгүмдү өзгөрт Kdo chceš za Kristem jít
Song not available - connect to internet to try again?