Жашоонун булагы Ыйсада, Өмүрдүн башаты Кудайда. // Кубаныч, бакытым да Анда, Жашоонун булагы Ыйсада. // Бакытты издебейм дүйнөдөн, Кез ирмем бул кыска өмүрдөн. // Жаңырат бир ыр кулагыма, Жашоонун булагы Ыйсада. // Түйшүктөрүмдү Сен билесиң, Түшүнүп колуңду бересиң. // Бүт сырларым ачамын Сага, Жашоомдун булагы, оо Ыйса. // Душмандын колу мени курчап, Туш-туштан кысып коркутат. А бирок жеңиш келет мага, Жашоонун булагы Ыйсадан. (2ж) Жөлөгүм таянычым - Сен! Баш паанам, калканычым - Сен! Чексиз бакытты бердиң мага, Жашоомдун булагы, оо Ыйса. (2ж)Men Xudoning bolasi Кто же откроет мне тайну всей красоты чудес Протяни ко мне святые руки Tebe miluji, tebe chválím Истийорум, Аллахъм Behuda НЕБЕСНИ ТАТКО In Jesus Name (God of Possible) АЛЕЛУЯ! ИСУС ПОБЕДИТЕЛ СИ! Есенлик Тюм Инсанлара, Коркунуз Олмасън
Song not available - connect to internet to try again?