Желге ыргалып шак-бутагы сеңселет, Бак ичинде жалгыз дарак термелет. Багбан көрдү текке кеткен эмгегин, Күткөн күздө дарак жемиш бербеди. Ыйлайт дарак: «Кыйба», - деп, «кыйбачы», «Күтө тур, дагы бир аз», - деп, «жалбарат». Багбан сага кам көрсө да жыл сайын, Неге, дарак, жемиш бербей турасың? Сулуулгуң сенин - жалгыз жалбырак, Багбан аны карап, күндө кайгырат. Багбан ойлойт: эмне кылсам даракты? Кандай көркөм, сулуулугун карачы! Мүмкүн, жемиш берет чыгар, күтөйүн. Аттиң, бирок жылдар өтүп баратты. Биз да дайым дарак сымал ыйлайбыз, «Кыйба, Теңир, күтө тур», - деп сурайбыз. Бирок билгин, аз күн калды, өтө аз. Жемиш бербей жашай берсек, кулайбыз.Un sendero hay Дар шаъни Худои худ ҳамеша سۆيىمەن مەن سېنى، ئەيسا مەسىھ tʿlyq 2 - tẖmr sẖfạh 3 ạllh ạlận yạ̉mr Вера через шторм проводит корабли Ариун Сүнсээ миний сүнсийг Blessed Be The Name of The Lord Да Те усещам COME, HOLY SPIRIT, COME
Song not available - connect to internet to try again?