Жердеги жашоомду Теңирим түшүнүп, Жардамга Ал асмандан келди. Жерде жок жашоону Ал мага үйрөтүп, Асмандын сырын ачып берди. Жакындап келгенде, жаным да мемиреп, Суктанып, тынчтыгына бөлөндү. Укмуштай мээрими жүрөгүмдү ээлеп, Салкыны сергитти жүрөгүмдү. Мен үчүн түшүп келип бийик асмандан, Ал менин жанымда баратат. Жердеги сапардан чарчасам, кыйналсам, Сооротуп, Ал мага кайрылат: «Мен дагы, берекем, сендей азап чеккем, Көтөрүп Өз айкаш жыгачымды. Мен да алдан тайгам, тумандап көздөрүм, Мен дагы төккөмүн көз жашымды. Мен сени калтырбайм, берекем, куткарам, Кан төгүп, сатып алгам сени Мен. Ажайып дүйнөгө Мен сени алпарам, Нурга толгон асман мекениме. Сааттар, күндөр өтүп, Мен сени өзгөртүп, Жердик эмес, асмандык болосуң. Менден алыстаткан күнөөдөн бөлүнүп, Ыйык жарыгыма сен толосуң».Воссияй Es gibt so viel Leid Passo dopo passo ملجأ وقوة Tu nous aimes, Seigneur Раб Ъшъъм, Ве Куртулушумдур Salmo 73 Кто столько много сделал Ni oro ni plata yo tengo Динҹлик тапан үрəк вердин Сəн мəнə
Song not available - connect to internet to try again?