Жетеленип куру кыял үмүткө, Жүргөнүмдө күнөөлөргө жалданып. Жол көрсөттү кереметтүү Кудайым, Турганымда чындык билбей сандалып. Баскан элем жийиркеничтүү жолдорду, Аны эстесем канайт менин жүрөгүм. Айткан элем «Кудай жок» - деп тартынбай, Ал көрсөттү сүйүү жаткан түнөгүн. Баспайм эми жарык болду жүрөгүм, Теңир Өзүң жетектериң билемин. Максатым бар, маңызы бар жашоомдун, Теңир Өзүң билем эми сүйөрүң. Даңктал Теңир ар бир баскан жолумда, Сенин Сөзүң болсун дайым колумда. Кызматым да болсун Сага жагымдуу, Даңктал Теңир жүрөгүмдө, оюмда.أنا لست أشبع Albang Vaihna Khawvel Gloria A Cristo قدوس قدوس Бу ҝүн ики ҝəнҹин тој мəҹлисидир Свеча Рўҳимиз бўшашмасин дустлар You Alone Davut'un Duası (Topluluğu Uyarlanmış) Zgodnie, bracia
Song not available - connect to internet to try again?