Жолугушуу менен коштошууну Башымдан кечиргенде, көз жаш төгөм. Кабыл алам ачууну, таттууну, Кайгыга малынсам да, күдөр үзбөйм. Убайым тартпа, кабатырланба, Неге коркосуң? Кудай жаныңда. Убайым тартпа, кабатырланба, Кудай жаныңда. Кудайсыз өмүр күнөөгө толгон, Коркунуч тооруп турат жалгыздыкты. Жүрөгүң сенин Ыйса деп соккон, Жаздай жаркытат ар убак жаныңды. Ыйса айкаш жыгачка керилди, Белек кылды бизге улуу жеңишти. Теңир тирилип, өлүмдү жеңди, Түбөлүк өмүргө ачып эшикти. Өткөн күндөр үчүн кайгырбаймын, Билем убакыт өтө аз калганын. Тикенек жолду тандап алгамын, Голгофадагы сүйүү курмандыгын.Allaha Həmdlər أغسل يدي jdẖbtny SƏN MƏNİM ƏZİZ TANRIM zài yé hé huá diàn lǐ kàn mén de rén Дунёнинг нури Ey Bütün Yorgun Olanlar ạḥfẓny fy rḍạk كوكتەگى اكەمىز ٴومىرىمدى ساعان ارنادىم
Song not available - connect to internet to try again?