Жүрөгүм абдан ооруш керек болчу, Теңирдин ырайымын билиш үчүн, Табына кактап мерез жүрөгүмдү, Мээриминин илебин сезиш үчүн. Жүрөгүм абдан ооруш керек болчу, Кеч болуп кала электе көрүш үчүн, Эбегейсиз мээримин Эгедердин Сезе албай баратканын жүрөгүмдүн. Жүрөгүм абдан ооруш керек болчу, Андагы тоңгон муздар эриш үчүн, Жакыным жапа чегип турганында, Жүрөгүнүн ооруганын сезиш үчүн. Жүрөгүм абдан ооруш керек болчу, Бараткан багытымда оюн салып, Турмуштун түркүн түстүү сүрөөнүндө Акыры калбаш үчүн жайдакталып. Жүрөгүм ооруганы жакшы болду, Иштерим таразалап көргөнүмө, Оңун, солун иргеш үчүн жолдорумдун, Саамга убактымды бөлгөнүмө.Я попирал любовь Христа Я вклоняюсь نحن إخوة Vim para adorar-te Zwycięska jasna rzesza yạ ḥyạẗ ạlqlb Иисус Христос воскрес аллилуйя аллилуйя frḥ fy frḥ ميدلي - ثمر شفاه 3 qdysẖ ṣạr ly̱ nạṭrh
Song not available - connect to internet to try again?