Жүрөгүмдө, Ыйса, рухумду жандыр, Оттой күйүп, Сага жүрөгүм жансын. Сен жараткан пендең Сени даңктасын, Асмандагы шаарыңа Өзүң алпарчы. Өмүрдүн агымы - кубаныч булак, Сенин жарыгың - үйүмө чырак. Ар бир сөзүмдү, сыйынуумду уккан Куткаруучум менин, ыйык Кудайым. Сен мени сактайсың душмандарымдан, Куткардың Сен мени оттон, азаптан. Түн ичинде жанган асман жылдыздай, Жолдорумда дайыма жарыгың жанган. Биз жакында асман шаарын көрөбүз, Ыйса Теңир менен бирге жүрөбүз. Өмүр берер сүйүү жүрөккө толсун, Куткаруучубуз келет, кубаныч болсун.سۉيۉنچۉ، ەلىم، بەيت۔لەحەم شاارىندا سەن مەنىن تىرۉۉ، ىيىق قۇدايىمسىڭ Тонг отганда уйғониб Kész a szívem, Istenem Cantemos a Jesús Раб'би Йуджелтелим bnʿd ạltẖwạny Brány království Хочда Mai bine o zi la Tronul Tău
Song not available - connect to internet to try again?