Жүрөгүмө тынчтык берген, Сенин сүйүүң кандай кенен. Жүрөгүм кыйналып турса дагы, Аталык сүйүүңдү сезип келем. Тынчтык берген Теңирим Сен, Мол ырайымың төгүп келген. Мен Сенден алыс болсом дагы, Издеп таптың жер бетинен. Сыйынып Сага мен табынамын, Адашпай түз жолду табамын. Кыйынчылык ылдый тартса дагы, Колумду Сага мен сунамын. Берилген убадаңа ишенем: «Сени менен болом» деген. Үмүтүм үзүлүп турса дагы, Жол көрсөттүң Ыйык Сөзүң менен. Окуймун сөзүңдү чаңкоо менен, Сеземин сүйүүңдү мага берген. Канчалык күнөөкөр болсом дагы, Мээримиң мен үчүн терең экен.أبارك الرب Alla gloria di Dio Кудайдын ырайымы klmẗ ạllh gẖdạ Бог тебя так любит Astăzi este ziua ไฟไฟ Вəтəним бура дејил мəним كان وقت القصة Davanti a Te
Song not available - connect to internet to try again?