Ишенип келем, Теңирим Ыйса, Сенин сүйүүңө жаным тартылды, Бөлүшө алган кайгы, муң, зарды, Өзүнө алган жараларымды. Ишенем Сага, ишенем Сага, Сенин колдоруң сунулган мага. Ишенем Сага, ишенем Сага, Сенин колдоруң сунулган мага. Ишенип келем, сураганымда, Сен жооп бересиң бардык убакта. Жүрөк сыздаткан азап-кайгыда Сооротосуң Сен назик үн менен. Ишенем Сага, ишенем Сага, Күчтүү колдоруң күч берет мага. Ишенип келем кайгырганымда, Өмүрүмдөгү кыйынчылыкта. Деңиздин долу толкуну урса, Үмүт үзбөймүн, таянып Сага. Ишенем Сага, ишенем Сага, Кыйышпас досум бир Өзүң, Ыйса. Ишенип, келчи Теңир Ыйсага, Күнөөлөрүңдү алып мойнуңа. Кымбаттуу досум, кайрылчы Ага, Ал ырайымдуу, кечире алат. Ишенчи Ага, ишенчи Ага, Кечирет сени ырайым кылып сага. Ишенип, келчи сунулган колго, Жүзүңдү бурчу, көңүл кош болбо. Сен үчүн Теңир төктү Өз канын, Баалабай койбо сүйүүсүн Анын. Ишенгин Ага, ишенгин Ага, Тапшыр жүрөктү, жашооңду Ага.Жил когдато на земле Спаситель ʿạysẖ fy̱ ạldnyạ Dobroreč Pánovi Aj, prvý vzdych, spev veleby, sŕdc obeť v tomto chráme, Tebe, Panovník na nebi, s radosťou prinášame! Tebe chválu vzdám МЕНИҤ ТЫНЫМ КӰӰНЗЕЙТ СЕНИ Chisʋs pin Chitokaka yʋt zhǔ a tīng shuō nǐ kuài huí lái le Времена года GOTT ISCH MIT ÜS
Song not available - connect to internet to try again?