Кагылайын улуу Теңир, Кудайым, Бул убакта Сенин сөзүң угайын. // Бардык ыйык сөздөрүңө кунт коюп, Жүрөгүмдүн тереңинде сактайын. // Сени даңктап бул жараткан дүйнөңдө, Ар күн сайын мен жүрөйүн үйүңдө. // Бүт жүрөгүм кубанычка толтуруп, Жемиш берип турсам экен күнүгө. // Улуу Теңир, Өзүң келген убакта, Сезбей калып, мен калбайын бул жакта. // Ар убакта унутпастан сыйынып, Мен толоюн кубанычтуу Рухка. // Бул дүйнөнүн кысымына чыдабай, Капалантпай жүрсөм экен Сени мен, // Ар күн сайын Өзүң менен бир болуп, Кызмат кылып, таңшып ырдап талыкпай. //Ny andro efa lany Náš Bůh nás vytrhl z moci temnosti من آلاف السنين Přijď, Králi věčný náš To je supr СЪРЦЕТО МИ ПЕЕ ДУШАТА МИ ПЕЕ Allahnmu Garu Mai Ƙarfi Финальная GALILEE PHILHLONAK Å kjære Navn
Song not available - connect to internet to try again?