Кечир мени, Теңир, сурайм кечирим, Кечир мени, Сага өтө кеч келдим. Кечир, мен чындыкты эрте билбедим, Башканы Теңир деп, күнөө кетирдим. Кечир, мен өзүмдү акылдуу сезип, Башыңа тикенек таажы кийгиздим. Кечир, күнөөлөрдү улам кетирип, Мен Сени айкашкан жыгачка кердим. Сен мени кечирип, өмүр ыйгардың, Жашоомду Өзүңдүн колуңа алдың. Чындыкты таанытып, көзүмдү ачтың, Күнөөнүн сазынан куткарып алдың. Сыйынып мен Сага, келем алдыңа, Ыйык колуң менен жетеле алга. Өмүрүм арнаймын, Теңирим, Сага, Күнөөнү жеңгенге жардам бер мага. Сүйлөгөн сөздөрүм, кылган иштерим, Даңктап турса экен Сени, Теңирим. Сенин жарыгыңды менден көргөндөр, Жарыкка тартылып, Сага келишсин.Snart vil himlens hvelv opplyses BALLERMA Opowiem Tobie dziś jak Jonasz Muna Roƙon Ubangiji Allah mạ fạrqnysẖ Һардадыр о ҝөзəл, о сакит бол һəјат? جاي بشكر القلب Милость нисходит нисходит нисходит Seigneur Jésus VAILAMTAH RALKAP
Song not available - connect to internet to try again?