Кечир Эгем, Сен боорукерсиң Кечир Кудай, Куткаруучум Сенсиң Кечир Теңир, жан-дүйнөмдү тазалай көр Кечир Ыйса, сүйүү нурун жандыра көр. Оо Жараткан, кудуреттүү Эгедерим Кыйналам караңгыда жарык таппай, Айткан асыл сөздөрүңдү мен укпай, Караңгылык каптап келет каракчыдай. Оо Жараткан, тирүү ыйык Теңирим Башкаларды соттоп, жээрип келемин Сага жаккан иштерди мен аткара албай Уурдаттым, батамды бек кармай албай. Оо Жараткан өмүр берчү Кудайым Азгырык ойлор мени чырмап алгандай Сен берген сыноолорду жеңе албай Жүрөгүм ташка толуп бараткандай. Оо Жараткан, тирүү ыйык Теңирим Башкаларды соттоп, жээрип келемин Сага жаккан иштерди мен аткара албай Уурдаттым, батамды бек кармай албай.Намиңни көтиримиз أرجوك اتصرف I'm gonna stay right under the Blood Svätá Božia láska 감사드립니다 Раббим Исо Келади ما أعظم أعمالك mwsyqy - ʿly̱ ạlmrṣd Бог е Твърдината моя ادامدار اداسار
Song not available - connect to internet to try again?