Ким баарын жараткан: деңиздер, көлдөрдү? Ким ачкан асмандын дарбазасын? Кооздогон гүлдөрдү, таң нурларын чачып, Тунук булактарды Ким жараткан? Теңирим, бир Өзүң! Даңктоомду кабыл ал, Жараттың Сен баарын, өмүр бердиң. Теңирим, бир Өзүң! Даңктоомду кабыл ал, Мен үчүн кам көргөн Теңиримсиң. Жашооңо дем берип, жолуңда Ким сактайт? Өлүмдөн куткарып, бошоткон Ким? Күн нурларын чачып, жамгырын жаадырып, Кайгыдан Ким коргойт тынчтандырып? Кубаныч тартуулап, сыйынууңду уккан, Көз жашыңды аарчып соороткон Ким? Мөңгүлүү зоолорду Ким чебер жараткан, Кам көрүп биз үчүн ак кар берген?Әнмен мадақтаймын أجهل ما سوف يأتي Тэнгэрийн од Diləyin, sizə veriləcək, axtarın, tapacaqsız Calma la tempesta dentro me Ülvi E dincolo de cer senin Jesús Señor de la creación trạnym ạlạ̉kẖtbạr - ạljzʾ ạlạ̉wl Kim Senin Gibi İsa Mesih
Song not available - connect to internet to try again?