Ким бата берет деп, көптөрү издешет Ким өмүр берет деп, көптөрү издешет Ойгонуу келет деп, көптөрү издешет. Керемет керек деп, көптөрү издешет. // Мага болсо Өзүңдү ачып бер! // Бирөө кызматыңды издейт, бирөө жөндөмүңдү издейт. Бирөө багытыңды издейт, бирөө жемишиңди издейт. Бирөө байлыгыңды издейт, бирөө майлооңду издейт. Бирөө айыгууңду издейт, бирөө бошотууңду издейт. // Мага болсо Өзүңдү ачып бер! // Алып бар мени Теңир, асканын башына, Алдыма Сен келгин, Өзүңдүн даңкыңда. Жолуңду ач мага, Сени мен тааныйын, Жүрөгүмдөн жалынам Теңирим мен Сага. // Мага болсо Өзүңдү ачып бер! // Суусаган эликтей күнүгө издейм Сени, Чаңкаймын Теңир, билгенге Сени, Уктабай түндө мен, издеймин Сени, Табынып алдыңда, Кудайым менин. // Мага болсо Өзүңдү ачып бер! // Сүйүктүү Теңирим, кымбатым менин, Каалаймын жаныңда болгонду Сенин, Чөгөлөп алдыңда, күтөм ар таңда, Самаймын Сени, муктажмын Сага. // Мага болсо Өзүңдү ачып бер! //La più bella storia d'amore Powstań, powstań z nieprawości Гал дөл мэт Aw Isu Ka Hukdampa الأعداء حوالي Takk Herre Jesus for den smale vei Salmo 96 Gdy ze mną Bóg, niech stanie Осы күн, жаратылды Bila Duka Menerpa
Song not available - connect to internet to try again?