Кубанычтуу кабар тарап бүт жерге, Бейт-Лехемде төрөлдү Ал Наристе. Кудайымдын мээримине бөлөндү, Тынчтык, чындык, өмүр келип элдерге. Сүйүнүчтүү бул кабар кандай сонун Жүрөгүңдү аруулукка бөлөгөн. Сүйүктүү бул Наристе кандай момун, Ыйык Рухтан кыз Мариям төрөгөн. Ар жыл сайын үмүт, бекем ишеним Дос, туугандар, баарыңарды коштосун. Өчпөс оттой жарыгыбыз жаркырап, Теңир Ыйса Өзү дайым колдосун. Жараткан кең ааламды, кең дүйнөнү, Океан, деңиздерди, түркүндөрдү. Кеменгер Жаратуучу чечкен болчу Дүйнөгө адам болуп төрөлүүнү Керемет жер үстүндө болду анан, Кудуреттүү Жараткан болду адам. Сүрүлүп караңгылык таң да атты, Мариям бешик ырын ырдап жаты. Тартуула белектерди аябастан, Сөздөрүң, чын жүрөктөн даңктоо ырың. Теңирге сен ыраазы болгун дайым, Өстүрүп сүйүүңдү да ар күн сайын. Сиздерди куттуктайбыз бул күн менен, Төрөлдү Ыйса Өзү сиз үчүн да. Кубанып, шаң, салтанат, обон созо, Теңирди даңазалап биз ырдайлы. Чынында кереметтүү туулган күндүн Айталы баарыбызды кубантарын. Айталы бул туулган күн ыйык майрам, Эч бүтпөй, түбөлүккө уланарын.Segala Kemuliaan Сен Бўлсанг Иса, сəҹдə гылырам Сəнə تعال لحياتي بئر سەن ۉچۉن، تەڭىرىم، ىرلار ارنايم جاڭى تالاي جولمەن ٴماسىح ٴجۇرىپ قايتتى Mai bine o zi la Tronul Tău 하나님께로 더 가까이 إليك قلبي Tis so Sweet to Trust in Jesus
Song not available - connect to internet to try again?