Кудай дүйнөнү жараткан сөзү менен, Көргөздү мээримин аткан таң менен. Үмүтүмдү үзбөй күтөм Сени, Жараткан, Өмүрүмдү өткөрсөм деймин Сени менен. Жан-дүйнөмөн орун алып, оо Теңирим, Муздап калган жүрөгүмдү жылыттың . Көзүмө жаш толуп, каректен тамат. Сенин сүйүүңдү ким айтып бүтө алат? Кайырма: Булуттан бийик Сенин ырайымың, Деңизден да терең Сенин мээримиң. Кайгырбайм мен, Кудайым, Колдоочум, Сен менин өмүрүмдө түбөлүк жан досум. Асманыңды ачтын мен үчүн аябай, Батаңды бердиң мага, оо Кудай. Жаңыдан күн батып, кайрадан таң атат. Аткан таң жарыктыгыңды жар салат! Жан-дүйнөмөн орун алып, оо Теңирим, Муздап калган жүрөгүмдү жылыттың . Көзүмө жаш толуп, каректен тамат. Сенин сүйүүңдү ким айтып бүтө алат?Io vengo a te Jesus kommer se på Israel Любовь явил Господь النور اللي في قلبي Sen Kutsalsın Великий, Мудрый, Дивный Господь, Создатель мой, Исмин Не Йюдже kwr ạlḥdyd Бардык элдер, шаңдуу кол чабалы yswʿ
Song not available - connect to internet to try again?