Кудайдын (ы)райымы төгүлдү баарына, Көк-асманда жылдыз жанды. Төрөлдү наристе Бейтлехем шаарына Куткар(уу) үчүн ар бир жанды. Куткарып, түбөлүк өмүрүн бер(үү) үчүн, Аткарды Ал Кудай Сөзүн. Биздеги күнөөнү кан менен жең(үү) үчүн Тартуулады бизге Өзүн. Асманда Ал улуу Падыша болсо да, Төрөлдү жөнөкөй мал сарайга. Адамзат жандары күнөөгө толсо да, Ыйса келди куткарууга. Кубанып, шаттанып, жаңы ыр ырдайлы, Куткарды Ал баарыбызды. Тирүү белек кылып, Ыйсага арнайлы Сүйүү толгон жаныбызды. Кудайдын ырайымы, түгөнбөс керемет, Ар бир үйгө ырыс келсин. Жүрөктү ач кенен, сага да Ал берет Куткарылуу берекесин.All Hail The Power Of Jesus' Name 주를 높일찌라 Salmo 150 Dans sa gloire, notre Maître Senin Sözünle İyileştim zhōng guó shǔ yú shàng dì Peleleza Ndani Yangu W dniu wspaniałym i radosnym Jest jedno imię Реб Исаны шөхратлалың!
Song not available - connect to internet to try again?