Күндүн нуру гүлдөрдү сүйүп ойготсо, Мээриминен күндүн дүйнө ойгонот. Биз эч ким эмеспиз бизди сүйгөнчө, Биз эч ким эмеспиз биз сүймөйүнчө. Эгер аары гүлдөрдү чаңдаштырбаса, Бал челектин бардыгы бош калмак анда. Эгер эне баласын колуна албаса, Бул дүйнөдө сулуулук болмок эмес да. Өзүңдү жалгыз жана жетим сезесиң, Сүйүү өз түнөгүн таппаган жерде. Бактылуу боло албайт адам эч качан Жүрөгүндө сүйүүгө орун бербесе. Сүйүүсүз мекен да чоочун көрүнүп, Жашоонун мөөнөтү кыска сезилбес. Көзүнө жаш алып, узатуу болбой, Сүйүү жөнүндө ырлар жазылмак эмес. Баары сезет сүйүүгө муктаж экенин, Сүйүүсүз өмүр сүрүү өлүмгө теңин. Бирок дайым жаркырап жарыгын чачкан, Биз билебиз Кудайдын сүйүү экенин.Pána chval, duše má Я могу лишь представить Jezusowi chcę śpiewać ku chwale Слушай стоны за морями Yaratgan Tangrim mening E vedo nel buio Cry in My Heart yǎng wàng بتقول مفيش رجاء Počúvajte, kresťania
Song not available - connect to internet to try again?