Күчтүү койчу ээрчиткендей, Мени Өзүң жетеле. Жайыттарың берекелүү, Мөлтүр булак, бетеге. Куткаруучум, Куткаруучум, Мен үчүн Сен кан төктүң. Жерде мага жан жолдош бол, Балдарыңды кайтарчы. Жерден бейишке өткөрүп, Адашканды сактачы. Куткаруучум, Куткаруучум, Сен күнөөмдү кечирдиң. Убадаң боюнча Сенин Мага кылчы ырайым. Адашканда жол көрсөтүп, Калтырбачы ылайым. Куткаруучум, Куткаруучум, Өзүң менен болоюн. Осуятыңды сүйгөндөй Момун жүрөк бере көр. Мени сүйүүгө үйрөтүп, Сүйүү толгон жашоо бер. Куткаруучум, Куткаруучум, Мени жалгыз калтырба.Kiitosvirttä Korkeimmalle Terád vár egy szép ország Слава, почест и хваление Вот я здесь Już pociąg łaski Bożej Найдет ли в сем мире душа кров родной ạ̉ṣl ạ̉nạ mnk Исо мени севади, ҳа, севади O Little Town of Bethlehem Venid oh pecadores
Song not available - connect to internet to try again?