Көрчү, кандай Досубуз бар, түбөлүккө барабыз. Мол бакыт бизге берет Ал, Андан кубат алабыз. Биз, канча ирет кыйналдык, билбей Ал бар экенин. Биз унуттук Кудайымдын, бизге жардам берерин. Азгырыктан кыйналганда, түркүн сыноо келгенде, Баарын тапшыралы Ага, бүт кайгыны жеңгенге. Анткени Ал бүт ааламга, өчпөс жарыгын чачат. Ыйса гана көз ирмемде, бардык кайгыңды алат. Бул турмушта кыйналганда, чыдабай аптабына, Алып келем бүт Ыйсага, тынчтык берет жаныма. Досторубуз таштаса да, таштабайт Ал дайыма. Айта алабыз баарын Ага, ишенерибиз Ыйса.Hallelujah have won the victory Sarbatoresc şi voi cânta Una salvación completa Расскажи Богу Saňa sygyndym men 챤양을 드리며 Мне больше нечего желать هل اطرق بابك For the things He's brought us through. 我们是一家人
Song not available - connect to internet to try again?