Майрамга баргыла, Ал чакырат! Ал жакка баргандар тынчтык табат. Ал жерде сүйүнүч, болбойт эч коркунуч, Аккан суулар тирүү, бүт келгиле! Ыйсага бет алып, бүт келсеңер, Эң таза сүйүүнү аласыңар. Ал Өзү чакырат, күнөөдөн куткарат, Ал жанды тазартат, бүт келгиле! Кечикпей, эрте Ага келгиле, Эшиги ачык, баарың киргиле. Бүт кайгылар кетип, унутулуп калат, Зор кубаныч болот, бүт келгиле! Түбөлүк үйгө баарың келсеңер, Анда күндөй жаркып каласыңар. Таажы жаркып турат, ырлар да угулат, Кудайды даңкташат, бүт келгиле!Творец mạly swạk నశియించు ఆత్మలెన్నియో Тэнӧ радейта ме став сьӧлӧмӧн Бени бана бъракма Allelýııa, Adonaı kókte máńgi bir Qudaı! 假如我有 Wielem słyszał o mieście ДУХЪТ НА ГОСПОДА Е ТУК O vous qui n'avez pas la paix
Song not available - connect to internet to try again?