Мени жараткыдай, мен ким элем? Жараткан Теңир, Сен мени таанып, Төрөлө элек кезимде эле, Койгонсуң өмүр китепке жазып. Бийик көтөргүдөй, мен ким элем? Балам деп атадың, тандап алып. Сени кантип даңктабай коём мен? Бердиң баарын сүйүү кениң ачып. Мага сүйүүң төккүдөй, мен киммин? Айкаш жыгачка керилдиң чыдап. Азыр да Сен жамандыктан сактап, Жетелейсиң колумдан бек кармап. Мага Өзүң келгидей, мен киммин? Кечирип күнөөм, тынчтыгың бердиң. Сенин сүйүүң менен ырайымың, Асман сымал үстүмдө күн сайын. Мага Өзүң айткыдай, мен киммин? «Таштабайм Мен, таштаса да энең. Кордук көрүп, Мага ыйлап келсең, Өч Меники, жазасын Мен берем».hạbdạ̉ bnfsy Reb Hudaýym aramyzda Başaryjy Tournez les yeux vers le Seigneur Maria Tu Sabias كل مرة احترت ماڭگىلىك ماداقتايمىن سەنى mzmwr 82 - mrnm wsṭ ạlʿạlm wạlḍgẖwṭ fù xìng de nián dài sẖạft ʿynyhạ ạlẓlm
Song not available - connect to internet to try again?