Мени менен бирге азаптуу жолумду Басам деп Ал асмандан келди. Жерде жок жашоону Ал мага үйрөтүп, Асмандын сырын ачып берди. Жакындап келгенде бүт жаным мемиреп, Суктанып, тынчтыгына бөлөндү. Укмуштай мээрими жүрөгүмдү ээлеп, Дем берип, сергитти жүрөгүмдү. Мен үчүн түшүп келип бийик асмандан, Ал менин жанымда баратат. Жердеги сапардан чарчасам, кыйналсам, Сооротуп Ал мага кайрылат: «Мен дагы, берекем, сендей азап чеккем, Көтөрүп Өз айкаш жыгачымды. Мен да алдан тайгам, тумандап көз алдым, Мен дагы төккөмүн көз жашымды. Мен сени калтырбайм, берекем, куткарам, Кан төгүп, сатып алгам сени Мен. Ажайып дүйнөгө Мен сени алпарам, Нурга толгон асман мекениме. Сааттар, күндөр өтүп, Мен сени өзгөртүп, Жердик эмес, асмандык болосуң. Менден алыстаткан күнөөдөн бөлүнүп, Ыйык жарыгыма сен толосуң».Jaśnieje wewnętrzne wszech chrześcijan życie ЧУДОТВОРЕЦ Pán Boh všemohúci Du bist der Gott, der mich heilt Mám veľkého, mocného Kráľa ạ̹nh bạlḥq rạỷʿ Ya Rab, Çobanımsın, Kurtarıcımsın Horazimcha 12 Гурурун ардъндан الهنا ليك المجد
Song not available - connect to internet to try again?