Неге турасың? Баргын Ага. Неге отурасың? Чурка Ыйсага. Шашылчы, досум, убакыт барда. Кенен ачкын жүрөгүңдү Ага. Неге турасың ал туңгуюкта? Ыйса үчүн сен абдан кымбатсың. Шашылчы, досум, убакыт барда. Тизеңди бүгүп, кайрыл Кудайга. Мен Сага келемин, сырымды төгөмүн. Кудай, мага жардам бер баарын Сага айтканга. Жаныма келчи, жүрөккө кирчи. Жан дилимден сүйөйүн ар дайым жалгыз Сени. Мен Сага келемин, сырымды төгөмүн, Кудай, мага жардам бер баарын Сага айтканга. Ата, кечирчи, күнөөлүүмүн мен, Күнөөлөрүмдү жуучу Ыйсанын каны менен. Неге турасың? Жалын Кудайга. Оор күнөөңдү ташта алдына. Кан аккан жараатынан Ыйсанын, Ээси болууң үчүн сен бакыттын. Куткарылуу бар Анын канында, Шектенбей келгин айкаш жыгачка. Кечирим алгын убакыт барда, Тизеңди бүгүп, кайрыл Кудайга.Ким сооротот мени Алиллуйя Алиллуйя إديني أمانة Худовандни мадҳ этинглар Romps-nous le pain de vie เราเป็นหนึ่งในความรักพระคริสต์ Najlepszy Lekarz zbliża się Kto ma tak piękne trzody? عيوننا بتترجاك Adamdar, oılanyńdar
Song not available - connect to internet to try again?