Периштелер ыры асмандан угулат, Кубанычын бүт ааламга жар салышат. Ушул күнү төрөлгөн Кудай Уулу Бул ааламдын бүт жерине нурун чачат. Кайырма: Даңктагыла, даңктагыла Ыйык Уулун, ыйык Уулун, Теңирибиз Ыйсаны. Улуу Кудай Өзү келди бул дүйнөгө, Тең келбейт эч нерсе Анын сүйүүсүнө. Жүрөгүнүн тереңинен чыккан жарык Түбөлүккө орнотту сүйүү, бакыт. Түбөлүккө жашаганга умтулалы, Тозок отко баратканга кол суналы. Сүйүүсүнө сүйүү менен жооп берип, Бекер берген өмүрүнө бек туралы. Төрөлдү Куткаруучу ыйык Бала Күнөөкөрдү караңгыдан куткарууга. Сатып алды ыйык таза канына, Даңк асманда Куткаруучум Ыйсага! Куткаруучум жиберилген бул дүйнөгө Кудайымдын убадасын аткарууга. Бүт адамзат күтүп келген ушул күндү, Баарыбызга жарык чачкан ушул түндү.Via yạ yswʿ yạ ạ̉bạnạ VŽDYŤ STOJÍM NA SKÁLE من أنا لأصير ạlrb ʿzy wtrsy Mám srdce plné radosti When I Call on Jesus في شرودي وابتعادي 主啊我们有一个心愿 Il diavolo non passerà
Song not available - connect to internet to try again?