Сапарга чыккан жолоочу, баратасың кай жакка? Ырайым кылып Теңирим, баратамын асманга. Алыс жолдо ашуу ашып, талаа кезип чөл кезип, Аралап мен түнт токойду, баратам үйгө досум. Асмандагы ал үйүңдүн, эмнесинде үмүтүң? Аппак кардай таза кийим, алтын таажы мен үчүн, Мөлтүр булактар шылдырап, түркүн гүлдөр кулпурат. Ыйсаны баратам ээрчип, аптап күндө чөл кезип. Азап кайгы коркунучтар, бар экенин билсеңчи. Сан жетпеген нериштелер, ар качан сактайт мени. Теңирим Ыйса жетелейт, бекем кармап колумдан. Эгер Теңирим сактаса, адашпаймын жолумдан. Ошол укмуш мекениңе, ала кетчи мени да. Ооба, досум, жүр тезирээк, колумду сунам сага. Алыс эмес мен эңсеген, кереметтүү ал дүйнө. Чын жүрөктөн сен ишенсең, жетебиз чогуу үйгө.Сенде неше ве севинч булур Открытые небеса tạ̉ml 1 - fryq lmn ydʿwh Túžim Ťa poznať أنت معي في كل مكان Ježíš je ten dobrý Pastýř Blúdil som Si môj Pán Tisztítsd meg szemem wǒ men bù huì wàng jì
Song not available - connect to internet to try again?