Себүүчү чыгат талаага, Үрөндү жерге сепкени. Эмгегин Кудай Таалага Ишеним менен бергени. Күн ээрчип, мезгил уланат. Оор жумуш жүрүп жер менен. Талаасын дыйкан сугарат, Жамгырга кошуп, тер менен. Кудайга артып ишеним, Эмгегиң кылсаң, талыкпай. Үзүрүн берет ишиңдин, Түшүмүң болот байма-бай. Сен эми - Кудай баласы. Өмүрүң Ага берилген. Жүрөгүң - Кудай талаасы, Жараткан Сөзү себилген. Бололу жумшак топурак, Жамгыры сөздүн каптаган. Бөлүшсөк, келсин топурап Жүрөктөр, аны самаган. Биз - талаа, Кудай - себүүчү. Түшүмүн Кудай терсе экен. Ар бир сөз, Андан келүүчү, Дүйнөгө жарык берсе экен. Дүйнөгө өмүр берсе экен.مش هانقبل بغيرك إله Время Ben bir garip yolcuydum yī yàng de gǎn dòng jyt wrḍyt Сүйгеніне жетуді аңсаған әр жан Am fost căzut în păcat şi făr'delege tʿlyq 11 - sẖqạwẗ fy̱ ạlmʿml Ýaqyt keldi, tóndi qaıǵy-qasiret Baba Sana Taparım
Song not available - connect to internet to try again?