Сени менен болсом дейм Ыйса кымбатым. Талбай кызмат кылсам дейм Сага күн сайын. // Сенсиз мага жок тынчтык, Сенсиз мага жок бакыт, Жалгыз Өзүң өмүргө чачасың жарык. // Күнөөлөрдөн бошотту Сенин бийлигин, Өлүк элем, бирок Сен кайра тирилттиң. // Кимден мен тынчтык алам, алсызмын кайда барам? Сенден гана Теңирим ыйык жай табам. // Голготада кыйналып, Сен азап чектиң, Каның төктүң биз үчүн, жаныңдан кечтиң. // Мен үчүн болуп курман, алдың бардык кайгымды. Берилип кызмат кылып, арнайм жанымды. // Дагы кандай сөз айтам даңкыңа, Ыйса? Кубанычтан куюлат көз жашым Сага. // Өмүр бою мен Сага адал кызмат кылайын. Куткаруучум Сен менин, ыйык Кудайым. //Come Alive (Dry Bones) Sei per me องค์พระเจ้าผู้ทรงพระชนม์ Que jamais, ô mon Seigneur Jesus in deine name ist der kraft Йешуа ТИ СИ СПАСИТЕЛНА КАНАРА Oh aleluya, oh aleluya В винограднике Христа Меня влекут заоблачные дали
Song not available - connect to internet to try again?