Сени менен болсом дейм, Ыйса, кымбатым, Талбай кызмат кылсам дейм Сага күн сайын. Сенсиз мага жок тынчтык, Сенсиз мага жок бакыт, Жалгыз Өзүң өмүргө Чачасың жарык. Сенсиз мага жок тынчтык, Сенсиз мага жок бакыт, Жалгыз Өзүң өмүргө Чачасың жарык. Күнөөлөрдөн бошотту Сенин бийлигиң, Өлүк элем, бирок Сен кайра тирилттиң. Кимден мен тынчтык алам? Алсызмын, кайда барам? Сенден гана, Теңирим, Ыйык жай табам. Голгофада кыйналып, Сен азап чектиң, Каның төктүң биз үчүн, жаныңдан кечтиң. Мен үчүн болуп курман, Алдың бардык кайгымды, Берилип кызмат кылып, Арнайм жанымды. Дагы эмнени айта алам, Теңирим, Сага? Кубанычтан куюлат көз жашым, Ыйса. Өмүр бою мен Сага Адал кызмат кылайын. Келечегим Сен менин, Ыйык Кудайым.Стою пред Тобою пред троном милости Jezu, jako pastýř voď nás Melek dedi Meyreme: "Selam, kız, sana ! Chcem len tvojím, Pane Dans le morne et froid tombeau I know my Redeemer lives Sláva Božích mien Nikto ma nemôže odlúčiť أنا الخروف الضال Тили бошқа дилидан
Song not available - connect to internet to try again?