Сенин сөзүң окуп алып Китептен, Күнөөкөр экениме өкүндүм. Бул жараткан дүйнөң өтүп кетерин Билгенимде, бир Өзүңө ишендим. О Кудайым, о Кудайым. О Кудайым, жүрөгүмдө Сен жашап, Жүрчү мени Рухуң менен багыттап. Сыйынганда үнүм угуп асмандан, Сураганым бергениңе ырахмат. Самап Сенин ар бир ыйык сөзүңдү, Чогулабыз ушул убак дайыма. Көрүп турган бардыгын бир гана Сенсиң биздин улуу Теңир асманда. Ушул күндө ыраазыбыз биз Сага, Тынчтык бердиң бут алдыңа келгенде. Улуу Теңир, батаң берип элиңе, Уланта бер тынчтыгыңды жергемде. Өкүнөсүң бул сөздөрдү укпасаң, Улуу Кудай айтат аны сага да. Кайрылсаңчы биздин улуу Теңирге, Убакытты уттурбастан бекерге. О тууганым, о тууганым.我需要耶稣在我的生命中 أعطني إيماناً Spasiteľ sveta zrodil sa Sen Olmadan Asla من انا لتدعني ابنا لك nạ̉ty ạ̹lyk yạ mlk ạlmlwk Капля за каплей Это подарок с небес Пред Тобой склоняюсь я Que ton fidèle amour
Song not available - connect to internet to try again?