Суусаган бугудай, мен дагы Сени эңсеймин, Чын жүрөк, жан дилден жалгыз Сени издеймин. Булуттар ачылып күн нурун чачкан сыяктуу Кудайдын сүйүүсү жашоомо жарыгын чачат. Кудай сүйүүсү мага келгенде, Көздөрүмдөн жарык жанат. Шаңдуу ырдайт менин жаным, Теңир мага, Жүзүн бурганда, мен коопсуз жашайм. Бардык иште, бардык жерде Анын сүйүүсү мени жетектейт Сүйөмүн, бир гана Теңирди. Сөздөн да, иштен да жакшыны каалаган Теңир, Мага да бир Сени сүйгөнгө жардам бере көр. Батаңды жоготпой акыркы күнүмө чейин Жарышта, күрөштө сүйүүмдү сактагым келет. Дүйнө бере албаган Сенин сүйүүң Жүрөгүмдө жашай берет. Жол көрсөтүп асманыңа алып барат. Сенин колуңа жетеленип, өмүр бою жашай берем. Түбөлүккө мен сүйө берем, оо, Теңир, Оо, Теңир, Теңирим жалгыз бир Өзүңдү.Ночь настает, ветер поет إنما لله Небо да славит Твоя любовь قۇدايىم، قۇدايىم، سەندەن ەچ نەرسە Бартимай'ън Гьозлери Já dal jsem život svůj Încă mai este loc la cruce tā lái guān hū nǐ Подай мені руку
Song not available - connect to internet to try again?