Сүйүнчү кабарды баарың уккула, Куткаруучу келди бизге асмандан. Төрөлдү ыйык Бала, Кудай Уулу, Теңирибиз ачты асманга жолду. Бул түнү тынч уйкуда жаткан дүйнө. Асман жаркып, периштелер көрүндү, Жар салып, даңкташты улуу Теңирди. Тынчтык, сүйүү, бакыт, өмүр бергенди. Бейт-Лехемде төрөлгөн Падышабыз даңкталсын! Асман тагын таштаган, Бүт өмүрүн арнаган, Алелуя, даңк Сага! Сүйүүсү мол Падыша! Жүрөктөрдөн арнайлы даңк Ага, даңк Ага! Сен улуусуң, сүйүүсү мол Теңирсиң. Мал акырда төрөлгөн Куткаруучу Кайгы, оору, күнөөлөрдөн бошотту. Караңгы дүйнөгө жарык нур чачты, Азап чеккен жандарды сооротту. Сүйүнчү кабарды баарыңар уккула, Бизге асмандан Куткаруучу келди. Төрөлдү ыйык Бала, Кудай Уулу, Теңирим ачат асманга жолдуDomnul e aici că i-am simţit fiorul Би Танд талархалаа Мене Ти кличеш над водою 炼净我 Верный Масиҳ உம்மால் ஆகாத காரியம் ஒன்றுமில்லை أتقدم Айқара ашылды Көктің қақпалары Je veľký náš Pán
Song not available - connect to internet to try again?