Сүйүүнүн, даңктын Кудайы, Биз шаттанып ырдайбыз, Таазим кылып, кучак жайып, Бет алдыңда турабыз. Күнөө, кайгы Сенден качып, Ишенимге толобуз. Жарык-нуруң бизге чачып, Кубанычта болобуз. Жаркырайсың асман-жерде, Атак-даңкын чыгарып, Жылдыздар да периштелер Ыйык ысмың чакырып. Бийик тоолор, аккан суулар, Кең талаалар жайылган, Мөл булактар, сайран куштар Мактайт Сени, Жараткан. Ак батасын берип турган Кечиримдүү Кудайым, Жакшылыкка баарын бурган, Тынчтык берген ар дайым. Сүйгөн Атам, Ыйса Агам, Мээримиңе бөлөгүн. Ак сүйүүңдү үйрөт мага, Сүйсүн менин жүрөгүм. Таң жылдыздай, Сенин Сүйүүң Бүт дүйнөнү бийлесин. Ырыбызга кошуп үнүн, Өлгөн жандар тирилсин. Катар-катар баары чыгып, Жеңишиңди жар салсын. Өмүрдүн ыры жаңырып, Баары Сени даңктасын.btḥly zmn ạlạ̉tʿạb Dans le monde entier ạ̉nạ ṭạlb ḥḍwrk سماوات جديدة Мадақтаймын Сені Il tuo amore annuncerò Двух любящих сердец слияние Mi barca kllt ạlsnẗ bjwdk Хушхабар етказамиз
Song not available - connect to internet to try again?