Сүйүүң Сенин тунук мөлтүр булактан да, Жашоомо дем берет кыйын убактарда. Жанымды сооротот, тынчтык берет мага, Күн нурун чачкандай Сенин сүйүүң, Ыйса. Наның, сууң, абаңды бергениңе ырахмат! Ден соолук, күч-кубат ыроолойсуң, ырахмат! Кам көрүп, бөпөлөп жүргөнүңө ырахмат! Күнөөмдү кечирип, өмүр бердиң, ырахмат, өмүр бердиң, ырахмат! Сүйүүң Сенин чексиз, өзгөрбөйт эч качан, Убадаңа бексиң, айтканың аткарган. Ишенимдүү жана керемет Кудайым, Шарт койбос сүйүүңө түбөлүк ыраазымын. Сүйүүң Сенин ыйык, кемтиги жок, кенен, Сенин сүйүүң ысык, жүрөктү эриткен. Дүйнөдө табылбас сүйүүңө тартылам, Сүйүүңө бөлөнүп, кубанам, шаттанам. Сүйгөндүктөн келдиң асманыңды таштап, Күнөөлөрүм үчүн тарттың оор азап. Сүйүүң менен жаптың бүт күнөөмдү менин, Кечирдиң, актадың, адилет Теңирим.Străbătând în lung și-n lat موسيقى الرب قد ملك Isus e prietenul cel bun ce nu lipseşte أنا ساكن Iglesia De Cristo Nech tečie rieka Yalniz sen Isa Idzie mój Pan 我们永远是一家 qlby̱ yạ yswʿ fạkr
Song not available - connect to internet to try again?