Теңир түзгөн үй-бүлөнү башында, Жаратканын даңктап бирге жүрсүн деп. Бала берди белек кылып экөөңө, Кубанычта бейпил өмүр сүрсүн деп. Күндө каалап үй-бүлөңө ынтымак, Кудай берет көктөн төгүп батасын. Бузулса деп шайтан тилеп күнү-түн, Койбойт деле ортого от жакканын. Убакыт аз, өмүр канча ким билет, Баалап жаша, сүйүп жаша ар мүнөт. Бул жашоодо башка түшкөн түйшүгүң, Жалгыз ушул жарың бирге көтөрөт. Бир учурда берген сенин убадаң, Бирге өтөм деп жашоо деген кыядан. Сүйөм деген сөзүң аткар, о тууган, Үй-бүлөңдү бекем сакта, бир тууган. Терең ойлоп, өзгөрт супсак жашооңду, Айта берсең, көйгөй бүтпөйт, чечилбейт. Сүйүп жаша, баалап жаша жарыңды, Бир жашайсың, экинчи өмүр берилбейт.Ó, jöjj, ó, jöjj, Emmánuel Орзуим Бор Il faut naître de nouveau De Canaan quand verrons-nous? Kráčam cestou L'eternità Grande e glorioso Signore Foi Na Cruz lys sẖyʾ yfṣlny nǐ ěr biān shì fǒu yǒu jǐng zhōng zhǎng míng
Song not available - connect to internet to try again?