Теңирим аядыңбы жүрөгүмдү Көтөрүп, оорутпадың көңүлүмдү. Жашоонун жарык жолун көрсөтүп Сен Түбөлүк мага арнадың, түбөлүк мага арнадың, ак сүйүүңдү. Жашоомдун булагысың, жанымдың ынагысың. Жараткан бир Кудайым, өчпөгөн чырагымсың. // Жашаймын Сени менен, мен үчүн койнуң кенен Сыйынып бир Өзүңө, оо Теңир Сага келем. // Теңирим кубантасың күндөн-күнгө Толтурчу Рухуңду жүрөгүмө. Уктасам кулагыма шыбырайсың Ойготуп сыйынууга, ойготуп сыйынууга айлуу түндө. Теңирим бөлөй бергин жарыгыңа Теңирге келчи тууган айыгууга. Өмүргө кереметтүү тынчтык берет Ишенгин чынын айтам, ишенгин чынын айтам, бир Кудайга. Сыйынып бир Өзүңө, Оо Ыйса Сага келем, Жашаймын Сени менен.Chini Ya Msalaba yuàn nǐ píng ān Duba Taron Nan Mai Girma Проходят дни проходят годы اكە، سەن ٴارقاشان مەيىرىمدىسىڭ Хеч нимадан Неужели Ты так меня любишь Sem, dcéra sionská Танръ'мъз Бютюн ... Чоджукларъ Север Pán daj, by sme verní zostali
Song not available - connect to internet to try again?