Теңирим, Сенин мээримиң, Өзүңдү бергениң, Күнөөдөн мени куткарып, Тозокту жеңгениң, Даңкталып бүтпөс курмандык Мен үчүн келгениң. Кылмышкер сындуу соттолуп, Өлүмгө баш ийдиң. Күнөөсүз жаның кыйналды, Мен үчүн, Теңирим. Табылбайт, Теңир, Сага тең, Сүйүүңө жетпейт чен, Өмүр, жол, чындык Сен! Колуңа мыктар кадалып, Шорголоп кан агып, Жазыксыз жаның кыйналып, Тарттың Сен азапты. Жүрөккө канжар сайгандай, Эстесем ал чакты. Сүйүүң Сенин, Теңирим, Акыл-ой жетпеген. Жол ачтың тирүү Кудайга Жазыксыз кан менен.Il vostro anniversario Tek Gerçek Tek Yol Sensin Ты - моя жизнь О эта благодать ạ̹ḥnạ bnḥbk على الإله فاتكل Teraz życiem dla mej duszy Boże, coś Polskę przez tak liczne wieki بەلەگىمسىڭ Nu există frică în iubire
Song not available - connect to internet to try again?