Теңирим, өмүр бердиң бизге жаңы, Кор болуп кир дүйнөдө жүргөнүмдө. Теңедиң катарына бизди дагы, Сен(и) менен бейпил өмүр сүргөндөргө, Сен(и) менен бейпил өмүр, бейпил өмүр сүргөндөргө. Караңгы туңгуюктан сууруп чыгып, Жаркытып жол көрсөттүң, көзүм ачтың. Боорукер, ырайымдуу, оо Кудайым, Кечирип бүт күнөөмдү Сен тазарттың, Кечирип бүт күнөөмдү, бүт күнөөмдү Сен тазарттың. Аздектеп, Өзүңө арнап жашайлычы, Атаке, бизге берген жаңы өмүрдү. Жүрөккө бир башкача тынчтык алып, Жүрөлүчү Жаратканга алкыш айтып, Жүрөлүчү Жаратканга, Жаратканга алкыш айтып. Бул өмүр - түбөлүктүү өлбөс өмүр, Жарыгы жашоодогу өчпөс өмүр. Бөлөнгөн Анын улуу мээримине, Бакубат, ырахаттуу чыныгы өмүр Бакубат, ырахаттуу, ырахаттуу чыныгы өмүр. Жарашат Сени канча мактасак да, Жарашат Сени канча даңктасак да. Актоого күч жетпейт го мээримиңди, Арнасак жашообуздун баарын Сага, Арнасак жашообуздун, жашообуздун баарын Сага.myn byqf jnby Когда среди толпы людей Rab Seni Terk Etmez Cuando el ángel a los pastores mạ ạ̹ly gẖyrk Sei tu Gesù - Proclamerò Шаг за шагом Nebeské Slovo, ktoré si vyšlo z Otca láskavosti, ó žehnaj ľud svoj Льется песня радостной рекою A Mighty Fortress Is Our God
Song not available - connect to internet to try again?