Тоолору бийик, көгүлтүр асман, Кайгыга баткан өткөн замандан, Айткыла, бизди түшүнгөн барбы? Кыргыз элимдин жолдору тарбы? Чындыкты издеп, элим чарчады, Кайгы-муң басып, жүрөк сыздады. Теңир, жиберчи тез жардамыңды, Кайгыга баткан кыргыз элиме. Жашоонун маани, маңызын таппай, Сандалды элим, чарпылды далай. Туура түшүнүк берчи, о Кудай, Түйшүккө баткан кыргыз элиме. Күнөөнүн сазы сорот элимди, Чыга албай андан элим эзилди. Өз балдарыңды, Теңир, жиберчи, Күнөөгө баткан кыргыз элиме. Суусады элим, Теңир, Сөзүңө, Соолуган гүлдөй какшыган чөлдө. Улуу ырайым, Теңирим, Сенде, Жамгырдай төкчү кыргыз элиме. Гүл бакча болот какшыган чөлүм, Кайра ачылат соолуган гүлүм, Даңктайт Өзүңдү, кубанып элим, Ошол кез келет, келет, ишенем.كۇز دە كەلدى سارعايدى جاپىراق ạllyl hnạ lyl Noi suntem una-n Isus سحابة ذكريات O, Doamne mare când privesc eu lumea فديتك يا كنيستي يا مؤتي الأغاني Volej k Ježíši a žij! Восстань Израиль из сна войной شمالك تحت راسي
Song not available - connect to internet to try again?