Турмуштун сырларынан, жагымдуу ырларынан, Демиңди сезем Сенин жашоонун ыргагынан. Жайлоонун гүлдөрүнөн, түркүн куш үндөрүнөн, Көрөмүн келбетиңди булуттун түрмөгүнөн. Сеземин мээримиңди бөбөктүн күлгөнүнөн, Жараттың адамзатты өзгөчө сүйгөнүңдөн. Энелик мээрим менен сылаган колдорунан, Өзүңдү «Теңир» деген эң таза ойлорунан. Куткарып калыш үчүн көңүлүң бөлгөнүңө, Ырахмат Ыйса Теңир мен үчүн өлгөнүңө. Жашоомду жандандырып, ишеним бергениңе, Миң ирет ыраазымын Рухуңду бергениңе.bmrạḥm ạlrb ạ̉gẖny گُکدَکی آتامیز باسم القدوس lmạ yswʿ Я у Тебя радость нашел Ва саҳни қудсат Когато приближавам при Голгота Dedicato a te ఊహలకందని లోకంలో I din nærhet
Song not available - connect to internet to try again?