Ушул тойго берсин Кудай батасын, Чакыралы бул ааламдын Атасын. Кубанып да, сүйүнүп да тосолу, Арабызда кайгы-капа болбосун. // Бактылуу болсун уул-кызы деп, Сыйыналы биздин Ыйса Теңирге. // Кудайымдын эрки менен жүрүүгө, Түбөлүккө бирге өмүр сүрүүгө Жакын болуп, жардам берсин Теңирим, Жарык кылып арасында элимдин. // Бактылуу болсун уул-кызы деп, Сураналы бүгүн Кудайдан бирге. // Тоюңарга той улансын алдыда, Ортоңордо болсун сүйүү дайыма. Келечекте эрки болуп Теңирдин, Учуп чыксын колуңардан наристе. // Ыймандуу болсун уул-кызы деп, Сыйыналы биздин Ыйса Теңирге. // Ишенимдүү бир-бириңе болууга Акыл берсин үй-бүлөлүк турмушта. Зор сүйүүңдү баалап Сенин, Теңирим, Жүрсүн алар Өзүңдүн ак жолуңда. // Ыймандуу болуп биздин эки жаш, Ынтымактуу өмүр сүрсүн дайыма. //Ježíši jsi spása duše mé ลูกจะวิ่งมุ่งไป shén de hǎo pū rén yuē shū yà Oh Señor recíbeme cual soy Alza cristiano tus manos ەكى مىڭ جىل بۇرىنداۋ ٴبىزدىڭ زاماننان المجد لله Қол аяғымды Христом Иисусом хвалиться буду каждый день Каршълар
Song not available - connect to internet to try again?